Коркунучтар

Учурдагы киберкоркунучтар

Фишинг жана BEC

Колдонуучуларга багытталган массалык социалдык-инженердик чабуулдар; чабуулчулар электрондук почта, жасалма домендер жана аккаунттар аркылуу ишенимге кирип, логин-пароль же финансылык маалыматтарды мыйзамсыз алышат.

Ransomware

Зыяндуу программа, ал компьютердеги же сервердеги файлдарды шифрлеп, жеткиликтүүлүктү жаап салат жана ачуу үчүн акча (көбүнчө криптовалюта) талап кылат.

Көбүнчө фишинг каттары, алсыз сырсөздөр же корголбогон RDP/серверлер аркылуу кирип, тармак боюнча жайылып, резервдик көчүрмөлөр жок болсо — иштин толук токтошун жана маалымат жоготууну жаратат.

Аккаунттарды уурдоо

LMS, SIS жана изилдөө маалыматтарына (PII, FERPA) мыйзамсыз кирүү. Жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетиши.

Искусственный интеллект

ИИни колдонуп, реалдуу көрүнгөн каттарды, жасалма документтерди жана үн/текст имитацияларын автоматтык түрдө түзүп, алдамчылыктын масштабын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатышат.